Кыргызгидромет борборунун маалыматына таянсак, эртең, 29-декабрда өлкө аймактарында күн ачык болот. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө -1 … -6 , күндүз +3 … +8;
Талас жергесинде түнкүсүн -3 … -8, күндүз +5 … +10;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн 0 … -5, күндүз +5 … +10;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3 … -8, күндүз +3 … +8;
Нарын облусунда түнкүсүн -18 … -23, күндүз -6 … -11;
Бишкек шаарында түнкүсүн -2 … -4 , күндүз +6 … +8 градус болот.