Кыргызстанда жаштардын курагын 30 жашка чейин көтөрүү сунушталууда

Кыргыз өлкөсүндө жаштардын курагын 30 жашка чейин көтөрүү боюнча мыйзам долбоору сунушталууда. Бул боюнча маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков Жогорку Кеңештин бүгүн, 28-декабрдагы жыйынында баяндама жасады.

Анын айтымында, буга чейин мыйзамда жаштардын курагы 14 жаштан 28 жашка чейин көрсөтүлсө, жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда 14 жаштан 30 жашка чейин деп көрсөтүлөт.

"2000-жылдарга чейин жаштардын курагы 35 жашка чейин болчу. 2009-жылы бул көрсөткүч 28 жашка түшкөн. Ага 2 фактор себеп болгон. Биринчиси экономикалык фактор. Ал учурда жаш үй-бүлөлөргө жөлөк пулдар каралчу. Мамлекеттик бюджетке оор келгендиктен жаш курак төмөндөтүлгөн. Экинчи фактор жаштардын никеге туруу курагы. 2000-жылдарда орточо никеге туруу курагы 22-23 жаш болсо, азыркы учурда 27-28 жаш болуп, бул дагы көтөрүлүп жатат. Учурда жаш үй-бүлөлөргө жеңилдетилген жөлөк пулдар каралган эмес.

Коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбаларын карасак, Казакстанда эки ай мурун жаштардын курагын 35 жашка көтөрдү. Өзбекстан 35 жашка көтөрүү алдында турат. Мындан тышкары Орусия, Украина, Молдовада жаштардын курагы 35 жаш болсо, Армения, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстанда 30 жаш", - деди Надырбеков.

Аталган мыйзам долбоору парламент жыйынында биринчи окууда каралып жатат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, калктын жалпы санынын 24 пайызын 14 жаштан 28 жашка чейинки жарандар түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан