Президенттин төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

Жыйында министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчёту угулуп, ошондой эле министрлер кабинетинин 2023-жылга иш планы каралмакчы.

Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууда.

Жыйындын алкагында 6 маселе карала турган болду.

Ошол эле учурда президент министрлер кабинетинин ар бир жыйынында бир облустун отчётун угуу чечими кабыл алынганын айтты. Ошондой эле өлкө башчы жарым жыл мурда уюштурулуган жыйында Баткен облусунун отчёту угулганын эске салды.

Ал эми бүгүнкү жыйында Талас облусунун аймагында аткарылган жумуштар боюнча отчёту каралат.

Жыйын УТРК, республикалык жана облустук телеканалдар жана социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу түз алып көрсөтүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан