Жапаров: "Тажикстан менен чек ара маселесин тынчтык жолу аркылуу чечүүгө болгон аракетти жумшап жатабыз"

Тажикстан менен чек араны тынчтык, дипломатиялык сүйлөшүүлөр жолу аркылуу чечүүгө болгон күч-аракеттер жумшалып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында билдирди.

Президент белгилегендей, чек ара толук чечилмейин мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келе берет.

"Ага тилекке каршы соңку окуялар күбө. Дал ушундан улам бүгүнкү күндө үч коңшу өлкө менен чек ара маселелерин тактап алдык. Тажикстан менен чек араны тынчтык жолу менен, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Эгемендүүлүк жылдан бери чечилбей келген чек ара маселесин кийинки муундарга калтырбай чечүүнү эң башкы максатыбыз деп колго алдык. Ата-бабалардан калган ыйык жерибизди келечек муунга табериктей сактап, өз калыбында өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз", - деди президент.

Белгилей кетсек, учурда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

Жыйында министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчёту угулуп, ошондой эле министрлер кабинетинин 2023-жылга иш планы каралмакчы.

Жыйындын алкагында 6 маселе карала турган болду.

Ошол эле учурда президент министрлер кабинетинин ар бир жыйынында бир облустун отчётун угуу чечими кабыл алынганын айтты. Ошондой эле өлкө башчы жарым жыл мурда уюштурулуган жыйында Баткен облусунун отчёту угулганын эске салды.

Ал эми бүгүнкү жыйында Талас облусунун аймагында аткарылган жумуштар боюнча отчёту каралат.

Жыйын УТРК, республикалык жана облустук телеканалдар жана социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу түз алып көрсөтүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан