Калкты арзан электр энергиясы менен камсыз кылуу керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында айтты.

"Электр энергиясын импорттоону кескин түрдө кыскартуубуз керек. Сууну, электр кубатын өндүрүүнү туура пайдаланып, элибизди арзан электр энергиясы менен камсыз кылууга милдеттүүбүз", - деди президент.

Президент Кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушунун башталышы өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына түптөлгөн жол экендигин айтты. Муну менен катар кийинки жылдары экспорттук тизмеге электр энергиясын дагы экспорттоо кошулат деген тилегин билдирди.

Эскерте кетсек, ушул тапта президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүп жатат. Анын алкагында 6 маселе карала турганы айтылган.