Өзгөчө кырдаалдар министри: "Өлкөгө 12 миллион долларлык Ми-8 МТВ тик учагы келет"

Кыргызстанга 12 миллион долларлык "Ми-8 МТВ" тик учагы келет. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев бүгүн, 28-декабрда министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында баяндама жасап жатып билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө эки ири долбоор ишке ашып жатат. Анын алкагында орточо баасы 120 миң долларлык 140 өрт өчүрүүчү унаа жана орточо баасы 12 миллион долларлык "Ми-8 МТВ" тик учагы өлкөгө келгени турат.

Министр белгилегендей, алардын баары кайтарымсыз гранттык жардамдын негизинде келет.

Эскерте кетсек, ушул тапта президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан