Президент Улуттук банктын төрагасына: “Улуттук банкта чын эле 40 тоннадан ашык алтын барбы?”

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев баяндама жасады.

Жыйында президент ага: “Азыр эле айтып өттүңүз Улуттук банкта 40 тоннадан ашык алтын жатат деп. Чын эле барбы ошол алтын же жөн эле сөз менен айтып жатасызбы?" деген суроо узатты.

“Алтын бар. Ал боюнча Жогорку Кеңештин комиссиясы келмек, биз аларга алтынды көрсөтүп бермекпиз. Биз депутаттарды күтүп жатабыз”, - деди Бөкөнтаев.

"Анда депутаттарды чакырып, алтындын жанында сүрөткө түшүрүп койбойсузбу? (жылмайып) Эми бул тамаша иретинде", - деди президент.

Белгилей кетсек, иш-чарада министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчёту угулуп, 2023-жылга карата иш план каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bars06
2022-12-28 17:46:00
Ошончо алтын болсо негеле карыз алып жатасынар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан