Нурланбек Шакиев Япониянын элчиси Хидэки Годаны кабыл алды

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Годаны кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда кыргыз-япон кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланып, анын ичинен парламенттик алакаларды арттыруу тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев алгач Хидэки Годаны Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктады.

“Тажрыйбалуу элчи катары эки элдин байланышын чыңдоого зор салым кошуп, кызматташтыбызды жаңы деңгээлге көтөрөсүз деген ишеничтемин”, - деди Шакиев.

Муну менен катар Кыргызстан менен Япониянын ортосунда түзүлгөн дипломатиялык мамилелерге 30 жыл толгонун эске салды.

“Бул жылдар аралыгында бардык тармактар боюнча жигердүү кызматташтык уланып, Япония мамлекети өлкөбүздүн өнүгүшүнө багытталган ири долбоорлорго чоң көмөк көрсөттү. Айрыкча, Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) калк турмушун жакшыртуу жаатында бир катар маанилүү иштерди алып барды”, – деп белгиледи төрага.

Андан тышкары, билим берүү тармагында да алакалар артып жатканын айтты.

Өз кезегинде, элчи Хидэки Года Япония Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп, дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштерине учкай токтолду.

Муну менен катар акыркы 30 жыл аралыгында биргелешип ишке ашырылган долбоорлор тууралуу сөз кылган Хидэки Года “Бир айыл – бир продукт” долбоору ийгиликтүү уланып жатканын жана аны чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө да жайылтуу максатталганын маалымдады.

Жолугушууга “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков, Япония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Таалайбек Масабиров катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан