Президент: "Натыйжа бере албаган жетекчилерге чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек"

"Мамлекеттик инвестициялар түздөн-түз мамлекеттик карыз менен байланыштуу. Азыркы учурда элде кредиттик жана гранттык каражаттар натыйжасыз иштетилип жатат деген пикир бар. Ошондуктан Акылбек Усенбекович, даяр акчаны иштетип, натыйжа бере албаган жетекчилерге чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек!",- деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда өкмөттүн жыйынтыктоочу жыйынында.

Президент белгилегендей, он жылдын ичинде мамлекеттик инвестициялардын номиналдык көлөмү эки эсеге көбөйдү. Атап айтканда, 2013-жылдагы 17,4 миллиард сомдон 2022-жылы 32,2 миллиард сомго чейин, же болжолдонгон 2022-жылдын ички дүң продукциясынын 4 пайызын, 2022-жылдагы республикалык бюджеттин чыгашаларынын 17,2 пайызын түздү.

Ошол эле учурда ушул жылы бүткүл портфелдин деңгээлинде жакшы көрсөткүчтөр байкалуусуна карабай, бир катар долбоорлордун ишке ашырылуусу басаңдап, артта калып жатканын сынга алды.

2022-жылдын мамлекеттик инвестициялардын бекитилген бюджетинен каражаттар толук өздөштүрүлбөй, аткаруусу 0 пайызды түзгөн долбоорлор мамлекеттик органдардын тизмеси:

— Финансы министрлиги;

— Айыл чарба министрлиги;

— Энергетика министрлиги;

— Экономика министрлиги;

— Мамлекеттик курулуш агенттиги;

— Саламаттыкты сактоо министрлиги;

— Суу ресурстар кызматы;

— Салык кызматы;

— Улуттук статистика комитети;

— Кант шаарынын мэриясы;

— Кара-Суу шаарынын мэриясы;

— Каракол шаарынын мэриясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан