Аргентиналыктар Лионель Мессини кийинки президент кылууга макул

Катарда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда чемпион болгон Аргентина курама командасынын жылдызы Лионель Месси президентикке койсо, аргентиналыктар колдоого даяр.

Аргентинанын "Giacobbe y Asociados" басылмасы Дүйнө чемпиондугунан кийин өлкөдө популярдуулугу дагы өскөн футболчу Лионель Месси боюнча сурамжылоо жүргүзгөн. Сурамжылоого катышкандардын 43,7 пайызы гана азыркы лидер Альберто Фернандестин ордуна Мессини тандай турганын айтышкан. Ал эми 37, 8 пайызы каршы добушун берсе, 17,5 тандоодон баш тартууну туура көрүшкөн.

Жалпысынан сурамжылоого ар кандай курактагы 2500 адам катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан