
Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү
Жанар Акаев илим-билим жаатындагы интеллектуал жаштарга колдоо көрсөтүп, аларды келечек муунга үлгү кылып көрсөтүү керектигин билдирди.
Парламентте бүгүн "Жаштар жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Эл өкүлү сунушун маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбековго берген.
Акаевдин айтымында, жаштар үчүн азыр чоң бир идеология керек. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жаштар идеал туткан, аларга өрнөк боло турган адамдарды пропаганда кылуу зарыл.
"Азыр жаштардын көпчүлүгү жанагы канжалаган эрежесиз мушташтагыларды идеал тутуп алды. Бүт кан, агрессия, ошонун эмнеси үлгү? Жаштардын көпчүлүгү эртең ким болосуң десе Хабибди айтат. Интеллектуал жаштарыбыз дүйнөнүн ар жагынан физика, биология, IT-технология боюнча олимпиададан алдыңкы байгелерди алып келүүдө. Илим-билимге сугарылган жаштарды аэропорттон тосуп алып, алар жөнүндө роликтерди тартып, аймактарга алып барып үлгү кылып көрсөтүп, пропаганда кылбайлыбы. Жалаң эле жанагы мушташкандарды эмес", - деди Акаев.
Ошондой эле ал Кыргызстандын желегин желбиреткен спортчуларга да колдоо керектигин белгиледи.
"Анан спорттун олимпиадалык түрүнөн алтын, күмүш, коло утуп келип жатышат. Ошолорду колдоп, жаштарга бир идеология менен иштебесек , келечегибиз бүдөмүк. "Кыргызстандан Америкага көчүп кетебиз, ошол жакта туруктуу жашайбыз" деп жашыл карта сурагандар 2015-жылы 30 миң болгон, 2020-жылы 150 миңге жетиптир. Мунун үстүнөн иштебесек кийин кеч болуп калат", - деди эл өкүлү.
Министрдин жаштар саясатын тескеген орун басары Надырбеков сунушту эске алып, долбоорлорду иштеп чыгууну убадалады.