Кечээ, 28-декабрь күнү Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү мекемесине караштуу бала бакчада Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин балдары жаңы жылдык балаты майрамын уюштурушту.
Анда балдар эл алдында ырдап, оюн ойноп, өз өнөрлөрүн тартуулашты жана аларга белектер берилди. Анын өзгөчөлүгү – майрамдык иш-чаранын англис тилинде уюштурулушу болуп эсептелинет. Маселен бир жарым ай мурун Мария Насирдинова өз үйүнө англис тилин үйрөтө турчу курс ачкан. Анын үйүнүн бир бөлмөсүндө 23 бала билим алат. Кечээ дал ушул англис тилин кызыгып окуган балдардын бир жарым ай аралыгында окуп, үйрөнгөндөрүнө жана алардын ушул тилде даярдаган концерттик программасына күбө болуп келдик.
“Биздин айылда бир бала бакчадан башка билим берүүчү жай жок. Балдар коңшу Кайыңды айылына барып келип окушат. Ал эми бала бакчабыз бир канча жылдан бери иштеп келе жатат. Мындан сырткары, балдар үчүн ийримдер да жок. Бул айылда жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлери жашашат.
Жолдон өтүп бара жатып балдардын чаң-тополоң болуп жүргөнүн көрүп калчумун. “Убактылары бош кетпесин, буларга мүмкүнчүлүк түзүп бериш керек” деп ойлоно берчүмүн. Ошентип ата-энелер менен кеңешип, бул курсту алгач эксперимент катары үйүмө ачып калдым. Кийин балдардын кызыгуусу жаралып, дагы суроо-талаптар болсо уланталы дегенбиз. Азыр өспүрүмдөр гана эмес, чоң кишилер да кызыгып жатышат. Курстун баасын алгач Бишкектеги мектеп, мекемелердики менен салыштырып көрдүк. Аларда эки жарым миң сомдон экен. Ошентип биз миң сомдон баштап көрөлү деп чечкенбиз. Ага окууга тиешелүү делген бардык окуу куралдары алынды. Мындан сырткары, балдарга кызыктуу болсун деп чакан белектерди да алып коёбуз.
23 баланы эки тайпага бөлгөнбүз. Окуу жумасына 6 күн болот. Тайпанын бири дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү келип окушса, бири башка күндөрү окушат. Ал эми сабак кечки саат алтыдан жетиге чейин өтүлөт”, - деди ал.
Мария Насирдинова эми балдарга курс окууга шарт түзүлүп, бийлик тараптан колдоо көрсөтүлсө деген оюн айтты.
“Бизде балдарды окутканга толук мүмкүнчүлүк жок. Атайын жай керек, жок дегенде ушу бала бакчадан орун бөлүп беришсе жакшы болмок”, - дейт ал.
Ал эми балдардын “Дүйшөнүнө” айланган Бакыт агай учурда ыктыярчы катары англис тилин үйрөтүп жаткан жалгыз мугалим. Ал өз жумушун таштап, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн атайын айылга келген. Бакыт агай муну балдардын келечегине кайдыгер карабагандыгы жана аларга болгон сүйүүсү менен түшүндүрөт.
“Башында балдар менен иштешүү кичине кыйын болду. Бирок мугалимдик тажрыйбам жана өз ишимди сүйгөндүгүм жардам берди. Биринчи кесибим боюнча мугалиммин. Буга чейин мектеп, лицейлерде кыргыз жана орус тилдеринен сабак берип келгем. Экинчи билимди чет өлкөдөн алгам. Кыргызстанга келгенимде Мария мага “ушундай кызматкерлердин балдарына англис тили боюнча курс ачпайлыбы?” деп сунуштап калды. Мен дароо макул болдум. Балдардын келечегин ойлоп, ушу жерде калдым. Буга чейин чет өлкөдөн иштөөгө сунуш түшкөн, бирок балдарды кыя албай койдум. Алардын келечеги мени ойлондурат. Учурда ыктыярчы катары иштеп жатам. Максатыбыз - курс үчүн атайын бир мекеме ачсак дейм. Мен кеткенден кийин бул жерде иштей турган мугалимдер бар. Бири бала бакчада эмгектенсе, бири англис тил мугалими”, - деди ал.
Ошондой эле Бакыт агай сабак өтүүдө өзүнүн методикалары менен бөлүшүп, бала бакча, мектептердеги тил үйрөтүү ыкмасын сынга алды.
“Азыр балдар мектептин программасы менен англис тилин үйрөнө албай жатышат. Анткени мугалимдерде изденүү жок, көнүп калган “рамкадан” чыгышпайт, бул окуучуларды кызыктырбайт. Жаңы методика керек, тил үйрөнүүдө балдарга эркиндик керек. Мисалы, айрыкча бала бакчаларда окуучулар колдорун партага түз коюп отуруп, сабак окушат. Мындайда баланын эркиндиги чектелет. Тескерисинче, алардын кааласа жатып, кааласа отуруп окуганы жакшы. Муну биз өз тажрыйбабыздан көрдүк”, - дейт ал.
Иш-чарага келген ата-энелердин бири балдары буга чейин убактыларын көчөдө ойноп өткөрүшсө, азыр аларда сабакка, тил үйрөнүүгө кызыгуу пайда болгондугун белгиледи.
“Балдарыбыз курска шашып, кызыгуу менен кетишет. Ал жактан келип алып да үйдөн бири-бири менен англисче сүйлөшүшөт. Мультфильмдерди түшүнбөсө да англис тилде көрүп жатышат. Акырындан аракет кыла беришсе, жылыш болот”, - деди ал.
Иш-чаранын соңунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Алибай Нишанбаев колдоо көрсөтүлөрүн айтып, тиешелүү чечимдер кабыл алынат деп ишендирди.