Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 60 жаштагы Зарылбек Жумабаев аман-эсен табылды. Бул тууралуу карындашы Чынара Жумаева билдирди.
Ал маалымдагандай, агасы Жумабаев №4 шаардык тез жардам ооруканасында жатканына 5 күн болгон.
"Агамдын №4 шаардык тез жардам ооруканасында жатканын байкемдин таанышы көрүп калып кечээ, 28-декабрда бизге кабарлады.
Ал жакка 5 күн мурун "Милосердия" фонду алып барган экен. Суукта көчөдө калып калган. Андан улам өпкөсүнө суу толуп, шишип кетиптир. Азыр үй-бүлөсү карап жатат. Ооруканада дарыланууда.
Байкем сентябрь айынан бери дайынсыз болуп жаткан. Жалпы элге ыраазычылык билдирем", - деди ал.
Буга чейин, карындашы Жумабаев 4 ай мурун Ак-Өргө конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин айтып, коомчулуктан жардам сураган болчу.