6 адамды атып өлтүргөн Тимур Бекмансуров эсиңиздеби? Ал өмүр бою эркинен ажыратылды

Пермь шаарындагы университетте 6 адамды атып өлтүргөн 19 жаштагы Тимур Бекмансуров өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Ал Пермь облустук сотунун чечими менен алты адамды өлтүрүү, ошондой эле полициянын өмүрүнө кол салуу жана мүлккө зыян келтирүү боюнча күнөөлүү деп табылды. Бекмансуров өмүр бою эркинен ажыратылды.

Сот ошондой эле аны каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди, алар жалпысынан 18 миллион рубль доо коюшкан. Соттук териштирүүдө Бекмансуров бардык беренелер боюнча күнөөсүн моюнуна алган. Бирок майыптыгына таянып, соттон эң жогорку жазаны колдонбоону суранган.

Эске салсак, Пермдеги университеттеги каргашалуу окуя 2021-жылдын 20-сентябрь күнү орун алган. Анда Тимур Бекмансуров аттуу юридикалык факультеттин 1-курсунда окуган студент 12 калибрдүү куралы менен окуу жайга кирип келип, бир канча жолу ок аткан. Анын огунан улам 6 адам каза таап, ондогон жаран жаракат алган. Полиция кызматкерлери Тимур Бекмансуровду жарадар кылып колго түшүрүшкөн.

Кийинчерээк ооруканадан анын сол буту кесилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан