
Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 29-декабрдагы жыйынында төрага
Нурланбек Шакиев "Ынтымак" фракциясынын депутаттарына эскертүү берди. Анткени жыйында аталган фракциянын бир да депутаты жок.
"Залда "Ынтымак" фракциясынан эч ким жок. Аппарат кызматкерлери, ушуну тактап, маалымат берип койсоңуздар. Мындай мамиле болбойт. Канча мыйзамдар кабыл алынып, маанилүү маселелер каралып жатат. Эгер бир иш-чарасы болсо, сессияга туш келбеген учурда өткөрүшсүн, эч ким каршы эмес. Чакырып коюңуздар", - деди Шакиев.
Учурда Жогорку Кеңеште кезектеги жыйын өтүп жатат.