Бишкек шаарында жайгашкан Михаил Васильевич Фрунзенин мамлекеттик мемориалдык үй-музейи 1925-жылы ачылган. Бул Бишкектеги эски музейлердин бири болуп саналат. Алдыда бир кылымдык тарыхы бар Фрунзенин үй-музейинин бүгүнкү күндөгү абалын чагылдырган сүрөт баянды сунуш кылабыз.
Үч кабаттуу имараттан турган үй-музей шаар турмушунун жана жашоочулардын 19-кылымдын аягынан 20-кылымдын башына чейинки тарыхын камтыйт.
Музейдин эң баалуу экспонаты болуп саман менен согулган үй болуп эсептелет. Михаил Фрунзе дал ушул үйдө төрөлүп, балалыгы өткөн. Үй 1879-жылы кесиби боюнча фельдшер болгон атасы Василий Фрунзе тарабынан курулган. Ал эми азыркы копмлекс 1967-жылы Фрунзенин үй-музейинин үстүнө курулган. Ошентип алгачкы көрүүчүлөрүн ушу жылдан тарта кабыл ала баштаган. Азыркы тапта музейдин 13 миңдей экспонаты бар.
Бул чатыры камыштан жасалган үйдүн кире беришинде медициналык буюмдар жана ушул эле бөлмөнүн сол тарабында кол жуугуч жайгашкан. Андан кийинки бөлмө - ашкана. Анда очок, үй эмеректери, идиш-аяк жана аларды коё турчу текче бар.
Кийинки конок бөлмөгө баш багарда эле алгач дубалда илинген гитара көзгө көрүнөт. Бул гитара Михаил Фрунзенин энеси Мавра Бочкаревага таандык. Ал музыка менен жакындан тааныш болуп, гитарада ойногон. Ошондой эле айрым маалыматтарда Михаил Фрунзенин өзү да музыкага кызыккандыгы айтылат. Конок бөлмөнүн так ортосунда үстөл жана отургучтар бар. Мындан сырткары дубалда саат, картина жана күзгүнүн илингенин көрүүгө болот.
Кийинкиси – уктоочу бөлмө. Анда керебет, бешик, шкаф жана балдар үчүн минип ойноочу оюнчук ат бар. Ал эми терезе тарапта Михаил Фрунзенин атасынын иш столу турат. Дал ушул столдон Василий Фрунзе дарыларды жасап, даярдаган. Аны стол үстүндө турган медициналык шаймандардан байкасак болот. Үйдүн ичиндеги бул буюмдар жүз жылдан ашык убакыттан бери сакталып турат.
Экинчи кабатта ар кандай белгилүү даталарга жана окуяларга арналган көргөзмөлөр уюштурулган. Ошондой эле анда Фрунзенин атын алып жүргөн окуу жайлардын, аскер академиялардын сүрөттөрү бар. Аны менен катар жоокер кийимдерин, аскерий техника менен куралдарды көрүүгө болот. Ошондой эле Михаил Фрунзенин үй-бүлөсүнүн сүрөттөрү да дал ушул кабатта жайгашкан.
Музейдин үчүнчү кабатынан Михаил Фрунзеге таандык тиричилик буюм-тайымдарын, документ-китепчелерин, жакын санаалаштары жөнөткөн баалуу сыйлыктарын жана анын элесине багышталган сүрөт, эстеликтерди көрүүгө болот.
Маалымат үчүн: Михаил Васильевич Фрунзе 1885-жылы 2-февралда Пишпек шаарында фельдшердин үй-бүлөсүндө туулган. 1896-жылы 7 жашында Верныйдагы эркектер гимназиясына тапшырып, аны алтын медаль менен аяктаган. 1904-жылы Петербурдагы политехникалык институттун экономикалык факультетинде окуп журуп, революциялык иштерге аралашкан. Бир нече жолу революциялык иштери үчүн камакка алынган. Октябрь революциясынан кийин граждандык согуш мезгилинде Чыгыш фронтун, Түркстан, Түштүк фронтторун жетектеген. 1924-жылы СССРдин аскер жана дениз министри болуп дайындалган. Анын атын Бишкек шаары 1926-жылдан 1991-жылга чейин алып жүргөн.