Президент: "Чек араларыбыз такталып бүтүп калды"

Чек аралар такталып бүтүп калды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи учурунда билдирди.

Анын айтуусуна караганда, соңку жылдары өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө бөтөнчө маани берилип, чек араларды тактоо маселеси күн тартибинде турган биринчи кезектеги маселеге айланган.

"Кудай буюрса, чек араларыбыз такталып бүтүп баратат. Бир гана Тажикстан менен чек араны тактоо маселелери калды, аны дагы жакынкы мезгилдерде аягына чыгабыз", - деди президент.

Садыр Жапаров коңшу Өзбекстан менен чек ара маселесине толугу менен чекит коюлганын айтты.

"Ошол маселеде Кемпир-Абад тилкесин шылтоо кылып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууга аракет кылган топтор пайда болду. Бирок алардын түпкү максаты ишке ашкан жок, себеби эл маселе кандай чечилгенин толук түшүнүп турду. Кемпир-Абадды дээрлик 70 жылдан бери кошуна Өзбекстан тарап башкарып келген. Бул жолу чогуу башкарууга кирдик, мындан ары бирге башкарабыз. Азырынча муктаждыгыбыз жок, бирок качандыр бир убакта муктаждык жаралып калса, суу сактагычтын айланасындагы айылдарыбызга суу тартып алуу боюнча жаңы келишимге норма киргиздик", - деди өлкө башчысы.

Садыр Жапаров баса белгилегендей, келечекте суу муктаждыгы жаралса, суу алуу маселеси камсыз кылынган.

"Эгерде ушундай норманы киргизип, чечип койбосок, келечекте эки элдин ортосунда чыр чыгып кетиши мүмкүн. Буга чейин мурдагы келишимде мындай норма жок эле. Бизде суу чыкса, эмнеге биз өзүбүз колдоно албайбыз, деген маселе көтөрүлүп бизде, эки элдин ортосунда чыр чыгат. Биз бул норманы киргизүү менен эки элдин келечек муундарына ынтымакта, тынчтыкта жашашын камсыз кылдык. Эки эл түбөлүк ынтымактуу жашаш керек. Ал эми суу астында жер биздики болуш керек деп чыр чыгарып жаткан өзгөндүк мекендештерге айтаарым, ооба, жер силердики, бирок ал жер 1965-жылы эле алмашылып кеткенин унутпаңыздар. Кошуналар ошол убакта эле суу басып жаткан жерлер үчүн өз жерлеринен берген бизге. Тарыхый документтер архивде турат. Бирок ошентсе дагы, эгер суу жок болуп, жерлер кургап кеткен заман келип калса, бирок ал заман жакынкы кылымдарда келбейт деп ойлойм, эгер кокус эле келип калса ошондой заман, бошогон жерден алмашып алабыз, андан эч кам санабаңыздар. Анткени ал жер айыл-чарба багытына колдонгонго мүмкүн болбой кала турган жер болуп калат", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kg-04
2022-12-29 16:02:00
30-жылдан бери биринчи жолу болуп атат десем плюс баскыла
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан