Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды (фото)

Бүгүн, 29-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы, ошондой эле кесиптик жетишкендиктери үчүн II жана III даражадагы «Манас» ордени менен, "Курманжан Датка", "Даңк" ордени жана медалы менен сыйланып, "Эл артисти", "Эл жазуучусу", "Эл акыны" жана башка наамдар ыйгарылды.

Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы бүгүнкү күндө жетишкендиктери үчүн адилет баасын алган, мамлекеттик сыйлыктар жана наамдар менен сыйланган мекендештердин ордун белгиледи.

Мындан сырткары бүгүнкү сыйлык ээлери эмгекке берилгендиги жана жогорку кесипкөйлүгү менен өлкөнүн өнүгүшүнө, жалпы интеллигенциянын калыптанышына зор салым кошуп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kg-04
2022-12-29 16:04:00
Татыктуулары алган болсун
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан