Депутаттар Султанбекова, Нарматова жана Талиева президенттен сыйлык алды

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары мамлекеттик сыйлыктарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Шакиев өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн президенттин жарлыгы менен Жогорку Кеңештин депутаттары да сыйлык алганын белгиледи.

Тагыраагы, эл өкүлү Чолпон Султанбековага “Даңк” ордени ыйгарылса, депутат Камила Талиева менен Надира Нарматовага “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наамдары берилди.

“Сыйлык силердики болсо, сыймык биздики. Бар болуңуздар”, - деди төрага.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан