Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев каалагандар мандатын тапшырып кете берсин деген пикирин айтты.
Анын айтымында, айрым депутаттар тарап кетели деген маанайдагы сөздөрдү айтуу менен популисттик кылып, элге жакшы көрүнүүнүн аракетин көрүүдө.
"Парламентте - эмнегедир тарап кетели деген сөздөр айтыла берет. Ким кааласа тарай берсин, каалгандар мандатын тапшырып кете берсин. Ал эми иштей тургандар иштей берсин, биз иштейли деп келгенбиз, Кудай буюрса иштейбиз. Ким кааласа элге жөн эле жакшы көрүнүп, популисттенбей кете берсин, эч ким кармабайт", - деди ал.