Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевге генерал-майор чини ыйгарылды.
Наамды мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын ачуу аземинде тапшырды.
Абдикарим Алимбаев 1973-жылдын 19-апрелинде Ош облусунун Кыргыз-Ата айылында жарык дүйнөгө келген.
Ал 2014-жылдан тарта Чек ара кызматынын жетекчилик кызматында иштеп, 2021-жылдын 6-майынан баштап президенттин Баткен облусундагы өкүлү кызматын аркалап келет.