"Мас айдоочулар күбөлүгүнөн ажырайт". Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун кабыл алды

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында мас абалда унаа башкаргандарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратууну караган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоору 62 "макул", 2 "каршы" добуш менен колдоо тапты. Эми ага президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
"Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген. Ал документте мындан сырткары, жол эрежесин бузуунун айрым түрлөрүнө айып пулду жогорулатуу боюнча да жазылган.
Алар төмөндөгүдөй:
- ичимдик ичип унаа айдагандарга айып салынбайт, анын ордуна айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Алгачкы ирет кармалганда бир жылга, дагы кайталанса үч жылга унаа айдоого тыюу салынат. Азыркы кодексте мындай норма жок;
- белгиленген ылдамдык нормасынан саатына 40-60 чакырымга катуу айдаса 7 500 сом (учурда 5 500 сом), 60тан ашырса 15 000 сом (учурда 7 500 сом) айып пул салынат. Мисалы, айыл жергесинде белгиленген норма саатына 60 чакырым болуп 100 менен айдаса, 120дан ашырса жогорудагы айыпка илинет;
- каршы тилке менен айдоого 15 миң сом айып (учурда 5 500 сом);
- эгер жол эрежесин кайталап бузса кайра экзамен тапшырып, айдоочулук күбөлүгүн кайталап алууга жөнөтүлөт;
- автоээнбаштык кылгандар 15 миң сом төлөйт (учурда 7500 сом);
- салынган айып пулдарды 70 пайыздык жеңилдик менен төлөө мөөнөтү 15 күндөн бир айга узартылат;
- унаасына этикага туура келбеген, мыйзамсыз аракеттерге чакырган адаттан тыш жазууларды, сүрөттөрдү жабыштырып алса 5 500 сом айып салынат.
Белгилүү болгондой, мыйзам долбоору жол-унаа кырсыктарын алдын алуу жана айдоочулук тартипти бекемдөө максатында иштелип чыккан, тагыраагы жол эрежелерин орой түрдө бузган айдоочулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү. Ошондой эле долбоордо Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Билим жана илим министрлигинин айрым функциялары Ички иштер министрлигинин карамагына берилгендигине байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан