Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы казармасынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы 100 аскер кызматкерине ылайыкталган жаңы казарманы көрүп чыкты.
"Жаңы имараттын курулушу Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдын август айында башталып, 3 айдан кийин пайдаланууга берилген. Ага бөлүнгөн аймакта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин өздүк курамы жайгашат", - деп айтылат маалыматта.
Казарманын аймагында өздүк курамды тейлөө үчүн бардык шарттар түзүлүп, материалдык-техникалык базага өзгөчө көңүл бурулуп, машыгуу залы, спорт аянтчалары курулганы кошумчаланды.