Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган 15 жашар кыз куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, калаадагы Ленин районунун Б.Алыкулов менен Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан темир жолдун кароо мунарасынан 15 жаштагы Т.А. аттуу кыз секирип өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Ыкчам түрдө жерине ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.
"Куткаруучулар кызды аман-эсеп түшүрүп, медициналык жардам көрсөтүштү. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.