Садыр Жапаров: "Мурда мамлекеттик сыйлыктар көбүнчө татыктуу адамдарга эмес, “дежурларга” берилчү"

Мамлекеттик сыйлыктарды мындан ары өлкөгө эмгеги сиңгендер гана алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 29-декабрда "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди.

Мамлекет башчысы кезектеги маегинде өлкөдөгү тил маселеси, өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга тапшырылган мамлекеттик сыйлыктарга байланыштуу суроолорго жооп берди.

Сиз мурда фейсбуктагы баракчаңызга, "Бийлик качаарда сыйлыктарды берип баштачу эле",- деп жазганыңыз эсибизде. Бул ирет дагы көптөгөн жарандарыбыз мамлекеттик сыйлыктарды алышты. Буга кандай комментарий бересиз?

— Ооба, 2015-жылдары жазсам керек эле. Ал кезде сыйлыктар татыктуу адамдарга берилбей эле, “дежурларга” көп берилген убак болчу. Ким бийликти мактап-жактап, коргоп турса, ошолорго же бийликтин жакындарына берилчү. Ошону айткам.

Татыктуу адамдар тааныш-билиш менен алышчу же сатып алышчу. Бул акчаны өмүр бою эмгек акыга иштеген, башка бизнеси жок карапайым мугалим, дарыгерлер кайдан тапмак эле?

Эми мындан ары мамлекетке эмгеги сиңгендер гана алат. Администрациядан кимде-ким мурдагыдай коррупциялык жол менен сатып же тааныш-билиштик кылып бере баштаган болсо, анын орду түрмө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан