Садыр Жапаров төрт кызматкерге генерал наамын ыйгарды

Өлкө башчы Садыр Жапаров 29-декабрда төрт кызматкерге генерал наамдарын тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы генерал наамын президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевге, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновго жана ички иштер министринин орун басарлары Эркебек Аширходжаев менен Сүйүнбек Ниязбековго ыйгарды.
Президент генералдык погонду ИИМдин ички аскерлеринин аскер кызматкерлери үчүн жаңы казарманы ачуу салтанатында тапшырган.
Мындан сырткары Ички иштер министрлигинин бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнө сыйлыктарды жана автоунааларды тапшыргандыгы кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан