Легендарлуу бразилиялык футболчу Пеле 29-декабрь түнү жарык дүйнө менен кош айтышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Дүйнөнүн үч жолку чемпиону 82 жаштагы Пеленин абалы кескин начарлап кеткен, анын жакындары абалы өтө оор экенин маалымдаган. Буга чейин өлүм алдында жаткан атактуу футболчунун ооруканадагы видеосу тараган.
26-декабрда интернет айдыңында Пелени акыркы сапарга узатуу үчүн даярдык көрүлүп жаткан видео тараган.
Белгилей кетсек, ал рак илдети менен ооруп келген жана соңку бир айга жакын убакыттан бери ооруканада жаткан.