Ош шаарында өлкө башчыдан Жаңы жылдык белек сурап кат жазган 11 бала белегин алды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Ош шаарындагы мектептерде билим алган 11 бала өлкө башчы Садыр Жапаровдун атына жаңы жылдык белек сурап кат жазган. Алар смартфон, китеп, таттуу берүүсүн сураган. Президент өспүрүмдөрдүн каалоосун орундатып, белегин жөнөттү.
29-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов балдар менен жолугуп, президенттин белегин тапшырды. Калаа башчы окуучуларды жакшы окуганга үндөп, кең келечек каалады", - деп билдиришти Ош мэриясынан.