Украинадан учурулган С-300 ракетасы Беларуска кулады (фото)

Украинадан учурулган С-300 ракетасы Беларусь өлкөсүнүн аймагына кулады. Бул тууралуу Белта басылмасы жазды.

"Кечээ саат 10:00дөн 11:00гө чейинки аралыкта Украинанын аймагынан учурулган С-300 комплекси Беларустун аймагына кулап түштү. Окуя тууралуу мамлекет башчыга дароо кабарланды. Анын тапшырмасы боюнча Тергөө комитетинин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлеринин ичинен түзүлгөн адистер тобу ракетанын кулап түшүүсүнүн себептерин аныктап жатышат", - деп жазды Белта басылмасы.

Мындан улам Украинанын Беларустагы элчиси Игорь Кизим Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Бул Украина менен жаңжалга катышпаган өлкөлөрдүн аймагына биринчи жолу кулап жаткан ракета эмес. 15-ноябрда Украина чек арасына жакын жердеги Польшанын Пржеводов айылына ракета түшүп, эки Польша жараны набыт болгон. Польшанын президенти Анжей Дуда ракетанын кулашын кырсык деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан