Ош шаарында милиция кызматкерлери Жаӊы жыл майрамына карата күчөтүлгөн тартиптеги кызмат өтөөгө киришти. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, күчөтүлгөн тартипте иштөө бүгүн, 30-декабрдан баштап башталды. Анда Ош шаарындагы коопсуздукту 600дөн ашуун милиция кызматкердери камсыз кылышат.
"Жаӊы жылдык салтанаттар учурунда коомдук коопсуздукту сактап, жарандарыбыздын укуктарын коргоо биздин түздөн түз милдетибиз. Баарыӊыздар бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, жарандарга сылык мамиле жасоо менен мыйзамдуулукту сактоону буйрук кыламын", - деди Ош ШИИБнин начальниги Акылбек Мамасейитов.