Нурбакыт, Нурсултан... Бишкекте төрөлгөн үч эмге ысым коюлду (сүрөт)

Бишкек шаарында 20-декабрда жарык дүйнөгө келген үч эм төрөт үйүнөн чыгарылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Ага ылайык, ымыркайларга Нурбакыт, Нурмахаммед жана Нурсултан ысымдары ыйгарылган.

Наристелерди Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев көрүп, белектерин тапшырышты.

Белгилесек, Оскар Исаковдун үй-бүлөсүндө 20-декабрда үч эм жарык дүйнөгө келген. Эненин жана балдардын ден соолугу канааттандырарлык абалда экени маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан