Казакстанда подъезддин алдынан жоголгон 4 жаштагы наристенин сөөгү табылды. Аны өлтүрүп кетишкен

Коңшу Казакстандын Актөбө шаарында подъезддин алдынан жоголгон 4 жаштагы Данил Ахуновдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Данил Ахуновду 28-декабрь күнү атасы подъезддин алдына коюп, өзү дүкөнгө кирип кеткен. Дүкөндөн чыккан атасы уулун таппай калган. Эки күндүк издөө иш-чараларынын натыйжасында анын жансыз денеси табылды. Ал зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн.

Данил Ахуновдун апасы ата-энелик укуктан ажыратылган. Ал атасы жана чоң апасы менен батирде жашачу.

Учурда кылмышка шектүү кармалды. Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан