Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Ичке-Суу (Маловодное) айылында жайгашкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана балдарды реабилитациялоо борборуна барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Шакиев мекеменин жалпы ишмердүүлүгү жана андагы түзүлгөн шарттар менен таанышты.
"Төрага резервдик фондунан каражат бөлүп, бүгүн реабилитациялык борборго Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобусту тапшырды. Ошондой эле балдарга майрамдык белектер берилди", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Нурланбек Шакиев майыптардын эл аралык күнүнүн алкагында аталган мекемеге барып, жамааттын көйгөйлөрүн уккан. Андагы жолугушууда олуттуу маселе катары унаага муктаждык бар экени айтылган.
Белгилей кетсек, мекеме 2014-жылы түзүлгөн. Ал жакта 4 жаштан 18 жашка чейинки 80 чакты бала тарбияланууда. Аларга медициналык, педогогикалык жана психологиялык жардамдар туруктуу көрсөтүлүп турат.