Жылдын акыркы күнүнө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 31-декабрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз көпчүлүк аймакта кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10;

Борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +1…+3 градус болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан