Баткен шаарындагы Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгында жаңыдан курулган №4 жалпы билим берүү мекемесинин ачылышы болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Мектептин ачылышына бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундары катышты.
Имарат жалпысынан 375 орунга ылайыкташып, мектептин курулушуна "Сауд өнүктүрүү" фонду тарабынан 84 миллион сом каражат грант эсебинде бөлүнгөн.
Жаңы мектеп заманбап эмеректер менен толук шартта курулуп пайдаланууга берилүүдө.
Белгилей кетсек, шаарда жалпы 6 миңден ашуун окуучу бар.