Түркия 2022-жылы дүйнө боюнча эң көп турист келген үчүнчү өлкө болду

Түркия 2022-жылы дүйнөдө эң көп турист кабыл алган өлкөлөрдүн ичинен үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк Туризм Уюмунун (UNWTO) маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы дүйнө боюнча эң көп турист кабыл алган биринчи өлкө Франция болгон. Ал эми туристтердин агымы боюнча экинчи орунду Испания, үчүнчү орунду Түркия ээлеген.

Турист тосуу жана андан киреше табуу жагынан Түркия бул жылы АКШ жана Италиядан озуп кеткен. Түркияга жыл ичинде 51 миллиондон ашык турист келип, өлкө бул тармактын киреше көрсөткүчтөрү боюнча биринчи катарга чыкты. Ал эми биринчиликти алган Францияга үстүбүздөгү жылы 82 миллион, экинчи орунду ээлеген Испанияга болсо 74 миллион турист барган.

Дүйнөлүк Туризм Уюмунун (UNWTO) маалыматы боюнча, 2022-жылы болжол менен 1 миллиард адам саякатка чыккан. Ал эми пандемия учурунда, тактап айтканда 2021-жылы 447 миллион, 2020-жылы 409 миллион киши дүйнө кыдырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан