Владимир Путин Садыр Жапаровду жаңы жылы менен куттуктады

Өлкө башчы Садыр Жапаровду Орусиянын президенти Владимир Путин жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда Кремлдин сайтына жарыяланды.

Путин өз куттуктоосунда Орусия менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери өнүгүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле ал кыргыз-орус элдеринин жыргалчылыгы үчүн бардык тармактарда конструктивдүү эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштерди улантууга ишенимин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан