Нарын облусунда ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат

1-январдан 2024-жылдын 31-декабрына чейин Нарын облусунун айыл аймактарындагы ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүү жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу маселелерин натыйжалуу чечүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, ошону менен бирге пилоттук долбоордун алкагында айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын базасында айыл жериндеги ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын эксплуатациялоону, күтүүнү жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу максатында алынуучу төлөмдөрдү жыйноонун, башкаруунун жана бөлүштүрүүнүн бирдиктүү системасы түзүлөт.

2023-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө аралыктык талдоо жүргүзүлөт.

2025-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө пилоттук долбоордун жыйынтык натыйжалары изилдөөгө алынат жана алынган тажрыйбаны өлкөнүн башка облустарынын айыл аймактарына андан ары жайылтуу жөнүндө сунуштар киргизилери айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан