
Министрлер кабинетинин төрагасы
Акылбек Жапаров 2021-жылы 1 миллион сом киреше тапкан. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматында айтылат.
Ага ылайык, Жапаров 2021-жылы 1 миллион 471 сом иштеп тапкан, ал эми чыгашасы көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле өкмөт башчынын наамына 77,5 чарчы метрлик батир катталган. Ал эми жакын туугандарынын кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес.
Салык кызматы саясий кызматтагылардын 2021-жылдагы декларациясын жарыялады. Тизме башында президент Садыр Жапаров
турат.