Ош шаарында бүгүн, 31-декабрда “Жаңы жыл - 2023” аттуу концерттик салтанат өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.
Агы ылайык, саат 19:00-20:00дө Ош шаардык маданият башкармалыгы жаңы жылдык концерттик программасын тартуулайт;
"Саат 20:00дөн тарта мэр Бакытбек Жетигенов баштаган жетекчилер элди жаңы жылы менен аянтта куттуктап, фейерверк менен коштолот. Андан соң жаштар үчүн ырлар жаңырып, дискотека уюштурулат", - деп айтылат билдирүүдө.