Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо уюмдарына көчмө амбулатордук кызмат үчүн санитардык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, унаалардын ачкычын 30-декабрда мэриянын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айбек Ибраимов тапшырды.
Борбор калаанын №6, №7 жана №8 үй-бүлөлүк медицина борборлорунун көчмө амбулатордук кызматын уюштуруу үчүн транспорт мэр Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы боюнча жергиликтүү бюджеттин каражатына сатылып алынды.
"Бишкек шаарынын көчмө амбулатордук баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматы бейтап жашаган жерде медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган жана өзүнө үй-бүлөлүк дарыгердин жана тар адистердин консультациясын, диагностикага, дарылоого, реабилитациялоого жана паллитиативдик жардамга багытталган медициналык кийлигишүүлөрдү камтыйт.
Үй шартында сапаттуу медициналык кызматка муктаж болгон бардык бейтаптар амбулатордук медициналык жардам ала алышат. Амбулатордук кызматтар бекер көрсөтүлөт. Төшөктө жаткан, онкологиялык, кургак учук жана паллиативдик бейтаптарга жардам көрсөтөт. Кызмат тез жардам чакырууларын тейлебейт жана ооруканага жаткыруу менен алектенбейт. Бул функциялар тез жардамда кызматында кала берет", - деп айтылат маалыматта.
Амбулатордук кызмат пилоттук долбоор болуп саналат. Буга чейин аталган кызматты уюштуруунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 7 автоунаа бөлүнүп, №1,2,3,4,5,9,10 ҮМБларга бөлүнүп, сапаттуу иштөөгө шарт түзүлгөн.