Ош шаарынын борбордук аянтында Жаңы жылга карата майрамдык концерт өтүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Шаар тургундарына жана конокторуна "Келечек" балдар чыгармачыл борбору, С.Бекмуратов атындагы музыкалык мектеби, Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайы, П.И.Чайковский атындагы искусство мектеби тарабынан концерттик программа тартууланды.
Ал эми саат 19:00дөн 20:00га чейин Ош шаардык маданият башкармалыгы жаңы жылдык концерттик программасын тартуулайт.
"Саат 20:00дөн тарта мэр Бакытбек Жетигенов баштаган жетекчилер элди жаңы жылы менен аянтта куттуктап, фейерверк менен коштолот. Андан соң жаштар үчүн ырлар жаңырып, дискотека уюштурулат", - деп айтылат билдирүүдө.