Ош шаарынын аймагында жаңы жылды тосуу салтанаттары тынч өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБи маалымат таратты.
Ага ылайык, калаада өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.
"Ош шаарында жалпысынан 28 окуя жана кылмыштар катталды. Бул окуя менен катталган кылмыштар жаңы жылды тосуу салтанаттарына тиешеси жок. Алардын 24 фактысы изи сууй электе ачылган", - деп жазылат маалыматта.
Белгилесек, милиция кызматы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.