Кечээ, 31-декабрда майрамдык концерттен кийин "Ала-Тоо" аянтынан 5 тоннадан ашык таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, аянттагы таштандыны чыгарууга "Тазалык" ишканасынан 60 кызматкер жана 7 атайын техника тартылган.
"Ал эми калаадагы майрамдык иш-чараларга байланыштуу "Ала-Тоо" аянтын жана борбордук көчөлөрүн тазалоого "Тазалык" ишканасынын 500дөн ашуун кызматкери жана 42 атайын тазалоочу техника тартылды" деп билдиришти мэриядан.