Өлкөдө 31-декабрь саат 8:00дөн 1-январь 8:00гө чейин 298 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын арасында эгиз наристелер бар.
"Ымыркайлардын 165и эркек, 133ү кыз. Ош облусунда эгиз наристелер жарыкка келди.
Бишкек шаарында төрөлгөн 46 ымыркайдын 22си эркек, 24ү кыз", - деп айтылат маалыматта.