Белградда суу үстүндөгү клуб жаңы жыл түнү чөгүп кетти

Сербиянын борбору Белград шаарындагы суу үстүндө жайгашкан клуб жаңы жыл түнү суу астында калды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Басылмалар жазгандай, окуя кечээ, 31-декабрь түнү орун алган.

"Окуяга күбө болгондордун айтымында, түнкү клуб жайгашкан аянтчанын жарымы суу астында калган. Анда эвакуация иштери жүргүзүлүп, эс алуучулар коопсуз жайга чыгарылган. Кырсыктын кесепетинен бир кыз жеңил жаракат алды. Жеринде полиция жана "Тез жардам" кызматы иштеп жатат", - деп жазышты басылмалар.

Сербияда көзөмөл органдары тарабынан текшерүүлөр жүрбөгөндүктөн мындай клубдар кеңири жайылганы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан