2022-жылдын январь-ноябрь айларында 65 771 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалыматында жазылат.
Тиешелүү мекеме билдиргендей, 2022-жылдын ноябрь айында 2 835 жаран пенсияга чыккан.
"Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1791 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди" деп айтылат маалыматта.
Белгилей өтсөк, өлкөдө жалпы 735 миңден ашык пенсионер бар. Ал эми пенсиянын орточо өлчөмү 8080 сомду түзөт.