Бишкек шаарынын аймагында Жаңы жыл майрамында жол эрежесин одоно бузган 157 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Анын ичинен:
мас абалында унаа башкарган - 7 айдоочу;
тийиштүү документтери жок унаа башкарган 16 айдоочу аныкталган.
Маалымдалгандай, 35 унаа айып аянтчасына токтотулган.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери 8-январга чейин жолдогу көзөмөлдү күчөтүп “Бахус” аталышында рейддик иш-чаралар өткөрүшөт.