Роналду кошулган соң "Аль-Наср" клубунун Инстаграмда катталуучуларынын саны өстү

Сауд арабиялык "Аль-Наср" футбол клубунун Инстаграм баракчасына Криштиану Роналду менен келишим түзгөндөн кийин 3 миллион 700 миң адам катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, футбол клубунун социалдык тармактагы баракчасында Роналду менен келишим түзгөнгө чейин 860 миңге жакын колдонуучу жазылган. Учурда клубдун 4 миллион 600 миң катталуучусу бар жана алардын саны дагы өсүүдө. Буга дүйнөлүк футбол жылдызы менен түзүлгөн келишим себеп болгону маалымдалды.

Белгилей өтсөк, Криштиану Роналду 2003-2009-жылдары "Манчестер Юнайтед" клубунда, 2009-2018-жылдар аралыгында испаниялык "Реал Мадрид" клубунда, 2018-2021-жылдары италиялык "Ювентус" кулбунда ойноп, 2021-жылы кайра англиялык "Манчестер Юнайтед" клубуна кайтып келген. Футболчу 22-ноябрда "Манчестер Юнайтед" клубу менен келишим токтогонун расмий жарыялаган. 2022-жылдын аягында Криштиану Роналду сауд арабиялык "Аль-Наср" клубу менен келишим түзгөн болчу.

Катарда өткөн Дүйнөлүк чемпионатта ал Португалиянын курама командасында бир гол киргизди. Анын командасы турнирдин жарым чейрек финалына чейин жетип, Марокко курамасына утулуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан