Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Жаңы Кызыл-Суу айылы Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери каралбай келет. Мындай билдирүү жергиликтүү тургун Кенжебек Сатыбай уулу тарабынан ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө келип түштү.
Окурман кайрылуусунда айылдагы орчундуу көйгөйлөрдү санап өтүп, тиешелүү кызмат өкүлдөрүнүн ишине нааразы болду.
"Эгемендүүлүктү алгандан бери биздин айылга эч кандай иштер жасалган эмес. Айылда 350дөй түтүн калк жашайт. Мамлекет электр жарыгын гана тартып берген. Калган зым, карагайларын да өз каражатыбызга койгонбуз.
Эң көйгөйлүү таза суу маселеси болууда. Кран коюлган, бирок суу чыкпайт. Айыл өкмөт башчысы жакын жердеги булактан суу тартып келебиз деп убада берген. Ошол бойдон дайын жок. Азыр болсо арыктан суу ичебиз. Ал жерден мал да суу ичет. Лабораториядан текшерткенибизде арыктан аккан сууну ичкенге болбойт деп жыйынтык чыгарып беришкен. ЖМКларга кайрылып жатабыз, натыйжа чыкпай келет. Бийликке үнүбүз качан жетет, билбейбиз.
Жаңы салынган мектеп 8 жылдан бери бүтпөй турат. Балдар эски мектепте 4 нөөмөт менен билим алып жатышат. Бала бакча жок. 30 чакырым алыстыкта бакчага ата-энелер унаа жалдап балдарын ташыйт.
Жолубуз чуңкурларга толгон, асфальт деген болгон эмес. Кошуна айылдарда жакшы шарттар бар. Жолдору асфальт, таза суулары бар. Биздин айылга келгенде эле өзгөрүү деген жок", - деди тургун.
Маалымат үчүн: Жаңы Кызыл-Суу айылы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө карайт. Аталган айыл өкмөттө 19 миң 500 калк, 14 айыл бар. Анын 8и расмий статусу бар, калганы статус ала элек.